Профессиональное образование:
Фархад менен Ширин

автор: Алишер Навои
Профессиональное образование: Литература. Литературоведение
Общее образование: Литература
Типы: Учебные материалы
Аудитория: Учащийся
Уровень образования: Общее
чыккан жылы: 1962
жүктөлгөн убакыт: 2015-10-20 14:09:48
Көрүүлөр: 244
желеде окуу

Бул орто кылымда жашаган укуксуз аялдын эркин сүйүү үчүн чыккан айбаттуу үнү. Улуу акын Навои ѳзү жашаган доордогу аялдардын теңсиздигине жаны кейип, доордун кара кѳшѳгѳсүн быт-чыт тытууга эрки күчтүү аялдын образын түзгѳн.

Низаминин Ширини менен Навоинин Ширининин ортосундагы чоң айырма бар. Низаминин поэмасында Хосров да, Фархад да Ширинди сүйѳт. Автор татаал психологиялык проблеманы алдыга коёт. Фархад сүйгѳнүнѳн эч нерсе талап кылбаган, кѳрбѳсѳ да ыраазы, бирок сүйгѳнү үчүн ѳз жанын аябаган, баарын берген, сүйүүнүн деми менен укмуштуу иштерди кылган жонокей, алп уста экени Ширинге маалим. Хосров болсо фархадга карама-каршы турган, женил ойлуу, ѳз мудоосун аткаргандан, кумарын кандыргандан башканы билбеген, жалындап сүйгѳнүн мындай чыкса унутарын Ширин жакшы билет. Бирок, ал Фархадды сүйѳ албайт, Хосровду сүйѳт. Анын максаты Хосровдун мүнѳзүн оңдоо, анын адамкерчилигин кѳтѳрүү. Мына ушуга сүйүүнүн күчү акыры таасир этип, Низаминин поэмасынын аягында Хосров оңолот. Низами Шириндин образын биринчи катарга коюп, сүйүүнүн, аялдын гимнин ырдаган. Мындай ролду Навои Ширинге бербейт, анткени Ширин Фархадды жандили менен сүйѳт. Хосровду жек кѳрѳт. Элдин канын суудай тѳккѳн эулумду сүймѳк тургай, ага наалат айтат. Бул жерден Навои Шириндин образын идеялык жактан тереңдеткенин байкайбыз.

Новые книги
Самые читаемые книги


       



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-75-58, oshsu-oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu-oms@gmail.com