Professional education:
Адабият теориясы

author: Ж.Шериев,А.Муратов
Professional education: Literary theory
General education: Literature
Types: Educational materials
The audience: Student
The level of education: General
year of issue: 2004
Loading time: 2015-10-20 14:44:37
Views: 251
read online

Бул китеп мектеп окуучуларынын, студенттердин адабият теориясы боюнча алган билимин, б.а. чыгарманын манызы, көркөм өнөрдүн башка тармактарынын ичинен адабияттын өзгөчөлүгү, кыргыз ыр түзүлүшү, адабияттагы тек, түр, жанр, метод жана стиль сыяктуу маселелердин тегерегиндеги түшүнүгүн байытууга өбөлгө болот.

Кыргыз адабиятынын тарыхына, учурдагы абалына, бул же тигил жазуучунун жеке чыгармачылыгына арналып бир топ илимий китептер, монографиялар, окуулуктар, хрестоматиялар чыкса да, адабият теориясы боюнча ушул күнгө чейин атайын мектеп окуучулары үчүн оригиналдуу окуу китеби чыга элек, бул багыттагы белгилүү эмгектерди которууга да киришпедик, айтор аталган тармак боюнча балдарга карызыбыздан кутула элекпиз. Чынында коңшу жумурияттарда мектептер үчүн мындай колдонмолор ынкылаптан кийинки жылдардан бери эле чыгууда.

Адабият теориясы — адабият таануу илиминин бир бөлүгү болуу менен көркөм адабияттын ички чоожайын, табиятын, коомдогу ордун жана таасирин, анын көркөм өнөрдүн көп тармактарынын ичиндеги өзгөчөлүктөрүн, ыр түзүлүшүнүн жалпы эреже-нормаларын, көркөм адабияттын тек, түр, жанрларга бөлүнүшүн, алардын өз ара карым-катышын, көркөм метод жана стиль түшүнүктөрүн үйрөтөт, булардын нарк-насилин жалпылап түшүндүрөт. Көркөм адабий чыгарманы тал-доонун, өздөштүрүүнүн болжолдуу жана кеңири, абстракциялуу чен-өлчөмдөрүн көрсөтөт.

New books
Most read books


       



© 2014 OSH STATE UNIVERSITY © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-75-58, oshsu-oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu-oms@gmail.com